10.07.2018 11:47

ГАИ инспекторлору айдоочуларга айып сала албай калышы мүмкүн

Эми жол эрежесин көзөмөлдөгөн инспекторлор азыркыдай сыйкырдуу таягын айлантып, чур этип ышкыруу менен айдоочуларды токтото албай калышы толук мүмкүн. Аларды жазалоо функциясынан ажыратыш керек деген демилгени өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Ал кишинин айтканы ишке аша турган болсо, жол коопсуздук башкармалыгы эреже бузууларды каттоо менен гана алектенип калат.