Казакстанга жумуштап бараткан кыргыз жаранынан коронавирус табылды

Казакстанга жумуштап бараткан кыргыз жаранынан коронавирус табылды

Казакстандын Жамбыл облусунда Алматага бараткан жеринен Токмок шаарынын тургунунан коронавирус табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, кыргыз жараны айдоочу болуп иштейт. Ал Алмата шаарына жүк ташып келүү үчүн бара жаткан. Чек арадагы өтмөктө медициналык текшүүрдөн өтүп жатканда андан коронавирус бар экени аныкталган. Айдоочуну атайын транспорт менен кайрадан Бишкекке жеткиришкен.

Жалпысынан Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына 506 киши чалдыкты. Ичинен 116сы медицина кызматкерлери.  

130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.