20.03.2018 16:47

«Газпром» компаниясына орноштурам деп 3 миң 100 доллар алган. Алдангандар аз эмес

«Газпром» компаниясына  орноштурам деп 3 миң 100 доллар алган.  Алдангандар аз эмес

2017-жылдын декабрында  Бишкек шаарынын тургуну таанышына чара көрүү арызы менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын  кызматкерлерине кайрылган.

Арызда ага  тааныш эле адам  «Газпром» компаниясына жумушка орноштурам деп 3100 доллар алганы айтылат.

Бул факт  боюнча 166-берене (Алдамчылык) менен кылмыш иши ачылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында 32 жаштагы жаран кармалды.

Иштин жүрүшүндө дал ушул адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен буга чейин дагы 5 жаран кайрылганы тастыкталды. Ошондой эле, шектүү 2016-жылы  6 жылга жатак-абакка кесилгени белгилүү болду. Ал үстүнөн дагы  кылмыш иши козголгонун билген соң, изин суутуп кеткен.

Мындан улам, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөгө алынган. Учурда шектүү кармалып, 2 айга камакка алынды. 

Алдангандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Андыктан, бул жарандан жапа чеккендер болсо, Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына же төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууга болот: 0(701)174646, 0(700)633885,  0(556)102887.