01.10.2019 13:02

Гектарлаган жердин документин жасалмалаган. Бишкекте мэриянын бөлүм башчысы кармалды

Гектарлаган жердин документин жасалмалаган. Бишкекте мэриянын бөлүм башчысы кармалды

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. 

Такталгандай, Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. коомдук фонддордун биринин мүчөлөрүнүн ишенимине кирип, Калыс-Ордо конушунан 7,2 га участокту жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берүү максатында 2 млн.сом өлчөмүндө акча каражатын алган.

«Ошондой эле, бөлүм башчы А.Н. жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен расмий документтерди жана Бишкек шаардык мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жасалма колун коюп, ошондой эле, бул жасаган иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билип туруп, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган», -деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. жана КР жараны С.А. КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка адамдардын катышуусун аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.