26.06.2018 09:00

Германия Усама бен Ладендин жан сакчысын Туниске өткөрүп берүүнү чечти

Германия Усама бен Ладендин жан сакчысын Туниске өткөрүп берүүнү чечти

Германияда камакка алынган Усама бен Ладендин жан сакчысы Туниске өткөрүлүп берилет. Бул туурасында Associated Press агенттиги билдирди.

Германия бийлиги «Аль-Каида» тобунун башчысынын жан сакчысын камакка алышты. Бохум шаарынын бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, 42 жаштагы Сами А. өз мекени Туниске экстрадицияланып, ал жакта сот жообуна тартылат.  

Эң белгилүү террористтик топтун каза тапкан башчысынын жан сакчысы ушул жылдын башында кармалган. Бирок, анда немец соту Тунисте исламист кыйноолорго дуушар болушу мүмкүн деп эсептеп,  аны экстрадициялоодон баш тарткан болчу.