12.06.2018 08:52

Германияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди

Германияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди

Германиянын Дрезден шаарында Кыргызстандын Баатыры, Эл жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган адабий кече өткөрүлдү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарада кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында фотокөргөзмө жана «Каркыралардын убадасы» китебинин бет ачары өткөрүлдү.

Ошондой эле, Чыңгыз Айтматов тууралуу кыска документалдык тасма, тактап айтканда Германияда болгон видеокадрлар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жазуучу-айтматовчу Ирмтрауд Гучке жазуучу менен бирге иштешкен күндөрүн эскерип,  ошондой эле өзүнүн «Каркыралардын убадасы» аттуу автордук китебинен үзүндүлөрдү окуп берди.

Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка болгон өзгөчө ролун жана олуттуу салымын белгилешти.