05.09.2019 14:01

Гезит депутат Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берет

Гезит депутат Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берет

Кожобек Рыспаевди "хамелеон" деп атаган "Ачык саясат" гезити депутатка 300 миң сом төлөп берет. Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагында активист Адиль Турдукулов жазып чыкты.

Жактоочу Ахмат Алагушев April.kg порталына соттордун чечими ашыкча кеткенин билдирди. 

"Гезит болгону 2800 нуска менен басылып чыгат. Бул сумма алар үчүн- өтө көп. Төлөп бүтүү үчүн жылдар керек. Менде соттор бул гезитти кимдир-бирөө менен байланыштуу деп эсептешти окшойт деген ой бар. Мындан улам, чечимде саясий контекст болушу мүмкүн",- деди Алагушев.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев "Рыспаевди иттен чыгарып коюшту" деген макаласы үчүн "Ачык саясат" гезитин сотко берген. Макалада эл өкүлү бир партиядан экинчи партияга өтүп жүргөнү айтылып, автор аны "хамелеон" деп атайт. Октябрь райондук соту гезитти депутатка 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.