Google жасалма интеллектти бейтаптын өлүмүн алдын-ала аныктоого үйрөттү

Google жасалма интеллектти бейтаптын өлүмүн алдын-ала аныктоого  үйрөттү

Google корпорациясынын туунду компаниясы болуп эсептелген Medical Brain иштеп чыгуучулар  командасы жасалма интеллектти бейтаптын өлөөрүн алдын-ала билүүгө, кеселдин өөрчүшүн жана айыгып кетүү мүмкүндүгүн  95 % тактык менен айтууга үйрөтө алышты. Бул тууралуу Bloomberg компания өкүлдөрүнө таянып, кабарлады. 

Маалыматка караганда, божомол -  лабораториялык акыл-эс бейтаптын анамнезинен жана оору тарыхынан алган миңдей ар кыл факторлордун негизинде түзүлөт. Чечим чыгарууда анализдердин жыйынтыгы гана эмес, бейтаптын жаш курагы, жынысы жана мурда ооруган оорулары да эске алынат. 

Өлүм жана ремиссиядан башка жасалма интеллект бейтаптын алдыдагы 30 күн аралыгында ооруканага кайрадан жатып калуу мүмкүндүгүн да божомолдой алат. Бул бейтапты ооруканадан чыгарууда шашпай, муктаждык жаралса, анын дарылануу мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет.  

Google өкүлдөрүнүн айтымында, алардын жасалма интеллект тутуму божомолдоонун салттык ыкмаларына караганда 10 %га натыйжалуу иштейт. Буга жасалма интеллекттин маалыматтар базасына ар кандай кеселге чалдыккан 200 миңден ашуун бейтаптын маалыматын киргизүү менен жетишишкен.