05.04.2018 17:59

Грузияда көмүр кениндеги кырсыктан 6 адам каза тапты

Грузияда көмүр кениндеги кырсыктан 6 адам каза тапты

Грузиянын батышында,  Тбилисиден 200 чакырымдай алыстыктагы Миндели көмүр кенинде шахтанын төбөсү урап түшүп, алты адамды басып калды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. 

Кырсыктан дагы 3 адам жабыркаган. 

Премьер-министр Георги Квирикашвилинин кеңсеси грузиялык компания иштеткен кенде коопсуздук нормалары канчалык сакталган-сакталбаганын аныктоо боюнча иликтөө башталганын маалымдады.

2011-жылдан бери ушул көмүр кениндеги ар кандай кырсыктардан кеминде он шахтердин өмүрү кыйылган