Гуревич Бакиевдин үй-бүлөсү чыгарып кеткен 300 млн. доллар тууралуу маалыматты берүү үчүн соодалашкан
Жогорку Кеӊеште Максим Бакиевдин каржы консультанты Евгений Гуревичтин Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгарып кеткен каражатка байланыштуу билдирүүсү боюнча тийиштүү органдардын иликтөө иштери боюнча маалымат угулду.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, Евгений Гуревич жакында берген маектеринин биринде Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 млн доллар көлөмүндө каражат чыгарып кеткенин айткан. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан бул маалымат боюнча иликтөө жүргүзүү чаралары улантылууда.
«Бирок, Гуревич уурдалган каражаттын дареги, анын булактары, анын банк эсептери жөнүндө так маалымат берген эмес. Ал Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 млн доллар көлөмүндө каражат чыгарып кеткен деп эле кайра-кайра кайталоодо. Ошондон улам, кыйынчылыктар жаралып жатат. Азыркы учурда Максим Бакиевдин АКШдагы 6 млн доллар каражатынын гана дареги бар, ал банкта тоӊдурулган. Кыргызстан азырынча ал каражатты ала элек», - деди ал.
Андан тышкары, Евгений Гуревич кыргыз бийлигине Бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан Кыргызстандан чыгарып кеткен каражаттар боюнча толук маалыматты өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин кайра кароо чарасына алмашуу талабын койгону, бирок мындай мыйзамсыз талаптан баш тартылганы белгилүү болду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: