22.01.2019 15:38

Гүлнур Сатылганова: Менин жан-дүйнөмдү түшүнө турган адамды жолуктура алган жокмун

Гүлнур Сатылганова: Менин жан-дүйнөмдү түшүнө турган адамды жолуктура алган жокмун

«Ар бир аял өз үйү үчүн жакшы кожойке болгонго аракет кылат. Эгер сенин балаң, жолдошуң болсо, тамак жасаганды милдеттүү түрдө билишиң керек». Мындай ойлору менен белгилүү ырчы,  КР Эл артисти Гүлнур Сатылганова «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» долбоорунда берген кеңири маеги учурунда бөлүштү. 

«Менин апам 45 жыл шеф-повар болуп иштеген. Андыктан, бизге бала кезибизден эле тамакты жакшы жасаганды үйрөткөн. Өзүбүз да даамдуу тамак жеп көнгөнбүз. Мындан улам, тамакты даамдуу жасайм жана даамдуу тамак жегенди жакшы көрөм. Эң мыкты жасаган тамагым - лагман. «Качан сенин лагманыңды жейбиз?» деп  күтүп жүргөндөр бар», - деп билдирди ырчы айым.  

Эл артисти ошондой эле, жеке жашоосу, уулу тууралуу да айтып берди.

«Балам 5 айлыгында атасы каза болуп калып, өзүм чыгармачыл адам болгондуктан, өзүмдү бүтүндөй  чыгармачылыкка арнап салдым. Албетте, жашоомдо мага жолуккан мырзалар болду. Жолуккан эле мырза менен турмуш кура албайт экенсиң.  Көбү менин популярдуулугума кызыккандыр, кээси ырчы катары билип сүйгөндөр болгондур. Бирок, чыныгы аял катары менин жан-дүйнөмдү түшүнө алган адамды жолуктура алган жокмун», -деди Гүлнур Сатылганова.  

Айтымында, учурда уулу Кытайдан жогорку окуу жайды бүтүп келип, мамлекеттик кызматта иштеп жатат. Уулу Арнастын ал кызматка кантип орношконун да ырчы айым жашырган жок. 

Маектин толук бөлүгүн бүгүн саат 21:00дө «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» долбоорунан көрө аласыздар.