26.02.2019 17:56

Гүлжигит Калыков: Жубайыма үйлөнөөрдө калың берген эмесмин

Гүлжигит Калыков: Жубайыма үйлөнөөрдө калың берген эмесмин

КР эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлжигит Калыков мектеп жашынан баштап диний көз караш менен чоңойгон. Андыктан, учурдагы заманбап майрамдардын кээ бирин белгилөөнү туура көрбөйт. Бул туурасында ырчы өзү «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүнө берген маегинде билдирди.

Маектен кыскача үзүндү сунуштайбыз.

— 23-февралда жубайым жакшы эле белек берди. Бирок, эмне белек экенин айтпай эле коеюн. Динге олуттуу мамиле кылып карасак, бул майрамдарды майрамдабай эле койгула деп айтылат. Акыркы жылдары келинчегим Сүйүшкөндөр күнүн эмнеге майрамдабайбыз дегенинен гана кичине майрамдап калдык. Ал эми, 8-март сөзсүз майрамдалат.  6-8-март Ошто болом. 9-март Бишкекке келип, жеке эле келинчегиме эмес, өз апама, кайненеме, эжелериме белек берем. 

Жубайыңызга канча калың бердиңиз эле?

—Жеке суроо экен. Калың берген эмесмин, сүт акысын берген болчумун. Анткени, кайын-журт менен «калың бербей эле кой, биз сеп бербей эле коелу» деп сүйлөшүп алган болчубуз. Негизи, тойлордогу көп нерсени кыскартыш керек. Мисалы, менин үйлөнүү тоюмда төрт эле тост болгон болчу. болбосо, тост айтылып атып эле той бүтүп калат. Эки жашка дагы ыңгайсыз. Улам туугандар келип сүйлөп атса, улам туруп, аларга да көңүл бөлүп туруш керек. Үйлөнүү тою эки жаштын жеке майрамы болуш керек, ал күнү алар өздөрүн кенен сезип, кенен отуруп, туугандарына көңүл буруп, алардын жакшы маанайы менен тилектеш болуш керек деп ойлойм.

Той берем деп намыстанган жигиттер көп карыз алып, же кредит алып өткөрүп жатышпайбы. Бул туура эмес деп ойлойм. Мен тааныган инсандардын арасынан эле бирөөсү ошентип той өткөзгөн болчу. Тойдон түшкөн кошумчалар менен карызымды жаап алам деген ойдо карыз алган экен. Тилекке каршы, ал сумма толугу менен чыкпай калды. Чет өлкөгө барып иштеп келүүгө туура келди. Бала жаңы эле үйлөнүп жатса, анан чет өлкөгө кетиш керек болуп калса, мындай ыңгайсыз абал болбош үчүн жети өлчөп, бир кесиш керек го деп ойлойм.

—Сиздин шеринелештериңиздерди билебиз – туулган күн, жентек той, тушоо той өткөрүп, баарыңыздарды чогултуп турушат. Бирок, сиз уулуңуз Умарга тушоо той өткөргөн жоксуздар. Эмне себептен улам?

—Мунун да өз себеби бар. Көз тийет дегенге мен аябай ишенем. Чоң публиканын алдында ырдап чыккандан кийин мен кичине кыйналып калам. Энергетикабызды эл тартып алган сыяктуу. Бул нерсе биздин динде дагы бар экен. Бирөө аябай жакшы көрүп ийсе дагы, бирөө көрө албай сүйлөп койсо дагы, ой ойлоп койсо дагы көз тийет экен. Менин уулум ошол жагынан кичине мени тарткан. Үйгө 4-5 конок келип эле жакшы көрүп  койсо, кечинде ыйлап уктабай чыгат. Тойду ойлогондон көрө, балабыздын ден соолугун ойлоп, калың журтка жарыялабай эле, чакан туугандарды чакырып, ырымдап өткөрүп койгонбуз. Муну жарыялаган да жокпуз, досторубузга да кенен чакырып той бере алган жокпуз. Баарынан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кечирим сурайм жана түшүнүү менен мамиле кылат деген ойдомун.

—Азыр жаш аталардын көбү бала багуу, тарбиялоо түйшүгүн жубайлары менен тең тартып калышты.  Сиз дагы ошондой аталардын катарына киресизби?

—Кандай ата экенимди келинчегим сүрөттөп бериши мүмкүн. Бирок, мен кандайдыр-бир ката кетирбөөгө, өз аталык  милдетимди так аткарууга аракет кылам.

—Балага байланыштуу үйдө эмне иш жасайсыз?

—Сүтүн жасап берем, тердесе кийимин алмаштырып коем.  Чогуу жуунтабыз. Түн ичинде жубайым ойгонуп калбасын деп, ыйласа сүт берип коем, жалаягын алмаштырып коем. Колдон келгенди кылганга аракет кылып жатабыз.

 —Аксуубай Атабаевдин «Эне жөнүндө баллада» деген ырын сиз көп жыл мурун эле жаздыргансыз. Жакында клип тарттырдыңыз. Ал клип элдин сынына коюлду. Ал жакта сиздин жеке турмушуңуз түздөн-түз чагылдырылган деп айттыңыз. Эмне себептен ал ырга клипти ушул учурда тартууну чечтиңиз?

—Ата болгондон кийин балам жакшы чоңойсо экен, ыймандуу болсо экен, ооруп калбаса экен деп баштайт экенсиң. Мурда бир жаңы ыр жаздырыш керек эле, же барып бирөөгө жардам берип коюш керек эле деген ойдун үстүндө жүрсөм, азыр ойдун баары эле балада, үй-бүлөдө болуп калат экен. Эртерээк үйгө келип, бала жытын жыттагың  келет, жаңы чыгып жаткан кылыктарын өткөрүп жибербегенге аракет кылат экенсиң. Сиз туура айттыңыз, бул ырды буга чейин эле ырдап жүргөм. Бирок жарым маанисин түшүнсөм, жарымын түшүнбөй эле ырдап келген экем. Көрсө аталарыбыз, апаларыбыз ушундай кыйналган турбайбы деген ойлор аябай көп келди. Ошолордун натыйжасында дагы бул клипти тартып, элге чыгарганга түрткү болду.

—Уулуңуз сиздин кайсы мыкты 3 сапатыңызды алса деп ойлойсуз да, кайсы жаман сапаттарыңызды албай эле койсо дейсиз?

— Чоң атасынын адамгерчилигин алса, чоң энесиндей ишмер болсо, анан менин жоопкерчиликтүүлүгүмдү алса жакшы болот. Уйкучулугумду албай эле койсун, анан ишенчээктегимди. 

—Инстаграмда жарнама жайгаштырбайт экенсиз. Бул сиздин позицияңызбы же сунуштар жокпу?

—Чынын айтсам, сунуштар көп. Бул менин жеке баракчам болгондон кийин, анан бул жигитке эмне жетпей жатат, ушуну реклама кылбай эле койбойбу деген сөздөр да болуп жаткандан улам, ашыкча сөздөр болбосун деп көп жарнама кылбайм. 

Толук маекти бүгүн саат 21:00дө «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүнөн көрө аласыздар.