21.01.2019 11:45

Хашим Зайналиевге карата ачылган кылмыш иши токтотулду

Хашим Зайналиевге карата ачылган кылмыш иши токтотулду

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Хашим Зайналиевге карата ачылган кылмыш ишин токтотту. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Бүгүн, 21-январда Октябрь райондук сотунда Зайналиевдин иши каралып, ага сот Кымбат Архарова төрагалык кылды. Отурумда жабырлануучу тарап табыпка эч кандай доосу жок экенин билдирди. Анын айтымында, Зайналиев келтирилген материалдык чыгымынын баарын төлөп берген.  

Мындан улам, сот Архарова кеңешме бөлмөгө чыгып кетип, жарым сааттын ичинде чечим чыгарып, Зайналиевди өлкөдөн чыкпоого милдеттендирип, камактан бошотту.

Сот процесси толугу менен ачык өттү. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 20-декабрында  Октябрь райондук ИИБге А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Зайналиевге чара көрүүнү суранган. Арызда 2016-жылдын апрель айында кайненеси Зайналиевдин клиникасына кайрылганын көрсөткөн. Онкологиялык ооруга чалдыккандарды дарылоого укук берүүчү лицензиясы жок экенине карабай, табып аялды толук айыктырып берүүнү убадалап, клиникасына жаткырган. 

Бейтап июнь айына чейин анын көзөмөлүндө болгон. Бул үчүн Зайналиев аялдан 100 миң сом алып, июнда саламаттыгы өтө начарлаган абалда клиникасынан чыгарып салган. Аял каза тапкан.

22-декабрда бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.