08.04.2019 12:36

Хоккей: эмнеге Кыргызстан Дүйнөлүк чемпионатка жолдомону Бириккен Араб Эмираттарына алдырып жиберди?

Хоккей: эмнеге Кыргызстан Дүйнөлүк чемпионатка жолдомону Бириккен Араб Эмираттарына алдырып жиберди?

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы өз тайпасындагы оюндардын баардыгын чоң эсеп менен утканына карабай, дүйнө чемпионатына катыша албайт. Себеби, биздин курамда башка өлкөнүн оюнчусу болгонун айтып жатышат. Бирок, турнир башталаар алдында курама команданын баардык оюнчулары текшерүүлөрдөн өтүп, муз үстүнө чыгууга уруксаат алышкан эле.