06.05.2020 11:45

Дубайдан келген кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Дубайдан келген кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Дубай-Бишкек каттамы менен келген бир жүрчүдөн коронавирус аныкталды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди

Анын айтымында СOVID-19 инфекциясынын жаңы катталган 28 учурунун ичинен беш учуру сырттан келген. Бир бейтап Дубайдан учуп келген.  

Эске салсак, 3-майда Кыргызстандын 180 жараны Бирикке Араб Эмираттарынан  өз мекенине кайтып келишкен. Сапарга чыгаар алдында алар аэропорттон экспресс-тесттен өтүшкөн. Кыргызстандын жарандары менен келе турган кийинки учак 10-майда учаары күтүлүүдө.

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 871 кишиге жетти. Республика боюнча  жалпы 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 12 киши көз жумду.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган.