28.11.2018 14:04

«Хонда Фиттен» качып чыккан кыз таксисттин үстүнөн арыз жазды

«Хонда Фиттен» качып чыккан кыз таксисттин үстүнөн арыз жазды

Октябрь райондук ИИБге күбөлөрдүн жардамы менен «Хонда Фит» унаасынан чыгарылган кыздан арыз түштү. Бул тууралуу April.kg порталына Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, жабырлануучу өзүнүн арызында таксист аны зордуктоого  аракет кылганын көрсөткөн. 

«Бул иш боюнча учурда 28, 129-беренелери ( зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», -деп билдиришти Бишкек ШИИБден. 

Эскерте кетсек, кечээ, 27-ноябрда түн ичинде шаар тургундары жолдо токтоп турган «Хонда Фит» унаасынан кыздын кыйкырган үнүн угушкан. Алар унааны ачкан кезде хиджаб кийген кыз унаадан чыгууга аракет кылып, бирок таксист чыгарбай жатканын көрүшкөн. Күбөлөрдүн аралашуусунан кийин кыз дагы, таксист дагы качып кетүүгө үлгүргөн.