13.09.2018 15:33

Ичимдик ичкен абалда унаа айдаган түрк атташесинин иши сотко өттү

Ичимдик ичкен абалда унаа айдаган  түрк атташесинин иши сотко өттү

Унааны мас абалында башкарып бараткан түрк жаранына протокол түзүлдү. Бирок, ал жаран чындап эле Түркиянын Кыргызстандагы атташеси экени белгисиз. Бул туурасында kaktus.media ИИМ алдындагы ЖКККББнын маалымат кызматына таянып жазып чыкты. 

Атташенин кол тийбестиги барбы, анын атына административдик протокол кантип түзүлдү деген суроолорго маалымат кызмат өкүлү жооп бере алган эмес. 

«Менин билишимче, иштин материалдары сотко өттү. Анын кол тийбестиги барбы, Атташеге протокол мыйзамдуу түрдө түзүлдүбү, анысын билбейм. Сотто чечишип алышат деп ойлойм. Ал адамдын кыргыз номерлүү жеке унааны башкарып баратканы белгилүү, айдап бараткан унаасы кызматтык унаа эмес болчу», - деп билдирген маалымат кызматтын өкүлү. 

Эскерте кетсек, 11нен 12-сентябрга караган түнү КТРКнын «Телекүзөт» көрсөтүүсүнүн кабарчылары жол тескөөчүлөр менен бирге рейдге чыгып, бир тараптуу Тоголок Молдо көчөсүнөн каршы тилкеге чыгып алып айдап келаткан Каража Эркан аттуу айдоочунун токтотулганын тасмага түшүрүп калышкан. Айдоочу Каража Эркан өзүн Түркия элчилигинин Кыргызстандагы кызматкери катары тааныштырып, Түркиянын КРдагы элчилигинин атташеси деп жазылып турган  дипломатиялык паспортун көрсөткөн.