28.08.2018 08:30

«Игра престолов» сериалынын финалдык бөлүгү качан чыгаары белгилүү болду

«Игра престолов» сериалынын финалдык бөлүгү качан чыгаары белгилүү болду

HBO телевизиондук тармагы «Игра престолов» сериалынын финалдык бөлүгү качан эфирге чыгаарын болжолдуу жарыялады. 

Маалыматка караганда, күйөрмандар тасманын акыркы сезонун 2019-жылдын май айларынан кийин гана көрө алышат. Бул тууралуу НВОнун визуалдык эффектилер боюнча жетекчиси Джо Бауэр Huffington Post басылмасына берген маегинде билдирди.

Бауэрдин айтымына караганда, жакында адистер акыркы алты сериянын эффектисинин үстүнөн иштеп башташты. Иш 2019-жылдын май айына чейин созулат.  

Мындан улам, көрүүчүлөр келерки жылдын жаз айларынан кийин гана жыйынтыктоочу сериянын бет ачарына күбө боло алышат. 

Сериалдын жаратуучулары 2020-жылы өтө турган «Эмми» сыйлыгы үчүн ат салышып жаткандыктан, 2019-жылдын июнунда сериалдын көп бөлүгүн көрүүчүлөрдүн сынына коюуга туура  келет.