III ДКО: Азиз Суракматов биринчи айымдарды «Бишкек ордо» этно-шаарчасына коштоп барды

Кыргызстандын жана Түркиянын биринчи айымдары «Бишкек ордо» этно-шаарчасында болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Кыргызстандын биринчи айымы Айгуль Токоева менен Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Кырчын жайлоосунда орун алган «Бишкек ордо» этно-шаарчасында болушту. Аларды Бишкек мэри Азиз Суракматов коштоп жүрдү.
Конокторго «Баланы бешикке салуу» улуттук салты көрсөтүлдү. Ошондой эле, этно-шаарчанын аймагында бүгүн күнү бою «аркан тартыш», «шакек салмай», «ак терек, көк терек» улуттук оюндары өтүүдө.
Эскерте кетсек, «Бишкек ордо» этно-шаарчасынын расмий ачылышы эртең, 4-сентябрда болот.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: