22.11.2018 16:17

ИИМ Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрү боюнча иликтөө жүргүзүп баштады

ИИМ Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрү боюнча иликтөө жүргүзүп баштады

Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын эсепчисинин жана анын үй-бүлөсүнүн  өмүрүнө коркунуч жаралгандыгы тууралуу билдирүүсү боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул туурасында мекемеден билдиришти.

Эскерте кетсек, мурдараак жактоочу Нурбек Токтакунов учурдагы президентке импичмент жарыялоого негиз бар экенин билдирген.  Адвокат 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков канча акча короткондугу тууралуу маалымат камтылган файлдарды  жарыялаган.

«Бул эсептерди штабдын бухгалтери билчү. Ал эмгек өргүү алып, башка мамлекетке чыгып кетти. Менимче, ал өзүнүн жашоосу үчүн коркту, анткени, азыркы бийлик Бакиевдердин жолу менен баратат. Ал жөн гана кетип калды. Бул чыныгы фамилиялар, чыныгы сандар көрсөтүлгөн чыныгы документ. бул документ тууралуу билгендер өз өмүрү үчүн кооптонушат. Ошол эле Кулматовду эмнеге паспорт үчүн отургузуп коюшту? Бакиевдер Медет Садыркуловду өлтүрүп, башкалардын жүрөгүнүн үшүн алгысы келсе, булар күнөөсүздөрдү – Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаковдорду камоо менен коркутууда. Керек болсо, өлтүрүп да коебуз дегенди кыйытып жатышат. Ошон үчүн адамдар өз жашоосу үчүн кооптонуп башташты. Эгерде Илмияновду отургузбаганда, бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы бетин көрсөтпөй турганда, бул документ чыгып кетмек эмес деп ойлойм. Мени таң калтырган жалгыз нерсе - биз атайын шайлоо фонду боюнча чектөөнү алып салганбыз. Эгерде бул таза, ак эмгеги менен табылган акчалар болсо, эмнеге аларды ачык көрсөткөн жок? Бул, албетте, абдан өкүнүчтүү», - деп билдирген  Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, КСДПнын эсепчиси 2018-жылдын 11-ноябрь күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 4 күндөн кийин социалдык тармактарда президенттик шайлоодогу чыгымдар тууралуу документ жарыяланган. 18-ноябрда эсепчинин уулу Кыргызстандан чыгып кеткени катталган. 

«ИИМдин жана башка укук коргоо органдарынын дарегине мындай билдирүү менен жарандар кайрылган эмес. КСДПнын эсепчисин ИИМге өмүрүнө коркунуч туулуп жатканы тууралуу тиешелүү маалыматтарды берүүсүн суранабыз. Кайтып келсе, коопсуздугун камсыздай турганыбызды жана акыйкат иликтөө болоорун убадалайбыз», - дешет мекемеден.