03.10.2019 09:36

ИИМ «Азаттык» менен Матраимовдун кишилеринин чатагын кылдат иликтөөнү убадалады

ИИМ «Азаттык» менен Матраимовдун кишилеринин чатагын кылдат иликтөөнү убадалады

«Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу катталган иш толугу менен ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Учурда тергөө, иликтөө ыкчам иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн жашырындуулугун эске алуу менен тергөөгө тиешелүү жагдайларды ачыктоону убагы келгенде билдиребиз. «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу жагдай кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын жана окуя толугу менен кылдат жана акыйкат иликтене тургандагын белгилейбиз», -деп айтылат маалыматта.