08.07.2019 20:42

ИИМ экс-президентти суракка чакырды. Атамбаевдин жообу (видео)

ИИМ экс-президентти суракка чакырды. Атамбаевдин жообу (видео)

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары чакыртылды. Чакыруу бүгүн, 8-июлда кечке маал Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирилген.

Анда Алмазбек Атамбаев эртең, 9-июлда Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары барышы керектиги жазылган. Кайсыл иш боюнча экени маалымдалган эмес.

Алмазбек Атамбаев суракка барбай турганын билдирди. 

«Бул баракты мен колума да кармаган жокмун. Мындан кийин келчүлөрүн дагы менин мыйзамдуу өкүлүм Сергей Слесаревге беребиз. Анткени, мага каршы оюндарды жүргүзүүдө азыркы бийлик Конституцияны да, мыйзамды да бузган. Ошондуктан, бийлик биринчи мыйзам чегинде иш алып барып баштасын, анан мени бул оюндарына аралаштырсын. Азыр бул мыйзам эмес, Жээнбеков менен Матраимовдордун эрежелери», - деди экс-президент.