09.10.2019 09:38

ИИМ: Экс-президенттин жан сакчысы облустук милицияга унаа берди деген маалымат - жалган

ИИМ: Экс-президенттин жан сакчысы облустук милицияга унаа берди деген маалымат - жалган

Экс-президенттин мурунку жан сакчысы Баткен облусунун ички иштер органдарына эки жип үлгүсүндөгү унаа тапшырды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Буга чейин интернет түйүндөрүндө А.Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев эки джип үлгүсүндөгү автоунаасын Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырды деген маалымат чыккан.

Баткен ОИИБ муну төгүнгө чыгарды. «2019-жылдын 7-октябрь күнү саат 18дер чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Э.Мамбеталиевке тиешелүү болгон «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки автоунаа токтотулган. Азыркы күндө Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаалар текшерилип жатат», -деп билдиришет мекемеден.