15.10.2019 14:52

ИИМ Фарид Ниязов тергөө иштерине катышуудан өзү баш тартканын билдирди

ИИМ Фарид Ниязов тергөө иштерине катышуудан өзү баш тартканын билдирди

ИИМ КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов тергөөчүлөрдүн аракетсиздигине нааразы болуп жатканы боюнча комментарий берди.

Милициянын маалыматына караганда, тергөө учурунда шектүү Ф. Ниязов бир нече жолу №1 тергөө абагынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн алынып келинген.

«Ушул жылдын 5-сентябрь күнү Фарид Ниязов жеке чечиминин негизинде жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-аракеттерине катышуудан баш тартты. Ушуга байланыштуу, тергөө аны дайындалган экспертизалар жана анын корутундусу менен тааныштыра алган жок», -деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги тергөө кызматы бүгүнкү күнгө чейин шектүү Фарид Ниязовго тиешелүү бардык кылмыш иштердин материалдары менен таанышуусуна тоскоолдук кылбаганын жана кылбай турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин КСДП сот Фарид Ниязовдун жактоочуларынын ИИМ тергөө тобунун жетекчисинин жана тергөөчүлөрүнүн аракетсиздигине даттануусун канааттандырган. Анда шектүү Фарид Ниязов менен анын коргоочусун дайындалган экспертизалар жөнүндө токтомдор менен тааныштырбагандыгы, ошондуктан алар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 172 менен 174-беренелеринде көрсөтүлгөн алардын укуктарын одоно бузгандыгы белгиленген.