30.11.2018 17:58

ИИМ: КСДП штабынын шайлоодогу чыгымдарына байланыштуу маалыматтар текшерилүүдө

ИИМ: КСДП штабынын шайлоодогу чыгымдарына байланыштуу маалыматтар текшерилүүдө

Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жана россиялык журналист Алексей Василивецкийдин КСДПнын штабынын шайлоодогу чыгымдарына байланыштуу маалыматтары текшерилип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Юрист жана жактоочу Нурбек Токтакунов Фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчасына 2017-жылкы президенттик шайлоону өткөрүү алдында КСДПнын шайлоо штабы менен талапкер Сооронбай Жээнбековдун короткон чыгымы тууралуу файлдарды жарыялаган. 

Ошондой эле, россиялык журналист Алексей Василивецкий Жээнбековдун штабында иштегендиги тууралуу видео кайрылуусун социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштырган.  Андан сырткары ал өз дарегине коркутуулар болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин белгилеген.

«Ушуга байланыштуу, ИИМдин Тергөө кызматы Нурбек Токтакуновдун жана россиялык журналист Алексей Василивецкийдин КСДПнын штабынын шайлоодогу чыгымдарын жарыялаган материалы боюнча тергөөгө
чейинки текшерүүлөрүн жүргүзүп жатат», -деп билдиришти маалымат кызматтан.

Ошондой эле, ИИМдин Тергөө кызматы экс-президент А.Атамбаевдин 2018-жылдын 19-ноябрында телеканалдардын бириндеги билдирүүсү боюнча тергөөгө чейинки текшерүүсүн жүргүзүүдө.

Билдирүүдө президенттик шайлоодо коротулушу мүмкүн болгон чыгымдардын эсеби коомчулукка тарагандан баштап, КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын бухгалтеринин өмүрүнө жана анын
үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп жатышы мүмкүн деп айтылган.