15.10.2019 14:16

ИИМ: Курсан Асановдун жактоочусу бизди жөн жерден каралап жатат

ИИМ: Курсан Асановдун жактоочусу бизди жөн жерден каралап жатат

Курсан Асановдун ишин Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине Курсан Асановдун иши боюнча комментарий бергени айтылат. .

«ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басарынын жактоочусу ИИМдин жетекчилиги дагы эле тергөөгө кысым көрсөтүп жаткандыгын, мурда тергөө кызматы анын шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама жөнөткөнүн белгилеген. Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги бул иш боюнча толуктоолорду киргизет, тергөөгө кандайдыр-бир кысымдар көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча эч кандай сөз дагы болбош керек», -деп айтылат маалыматта.

Мекемеден кабарлашкандай, Курсан Асановдун иши боюнча иликтөөнү башынан баштап Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат. ИИМдин башчысынын мурдагы орун басарына шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдаманы дагы Аскер прокуратурасы тапшырган.

«Ички иштер министрлиги аталган иш боюнча эч кандай иликтөөлөрдү жүргүзгөн жок. Ал эми, жактоочунун ички иштер органдарын жөн жерден каралоо аракеттери туура эмес иш», -дешет ИИМден.