17.01.2019 18:12

ИИМ: Митингден кийин коомдук тартипти бузган 21 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди

ИИМ: Митингден кийин коомдук тартипти бузган 21 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди

«Ала-Тоо» аянтындагы митингден кийин коомдук тартипти бузган 21 жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бөлүмгө жеткирилди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн «Ала-Тоо» аянтында митинг кылып жаткан жарандар саат 13:00гө чейинки убакытта митинг өткөрүп, андан соң өздөрү тарап кетүү боюнча милдеттенмени алышкан. Убакыт бүткөндө Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Э.Атантаев микрофон аркылуу элден тынч тарап кетүүсүн өтүнгөн, бирок чогулгандар уккан эмес.  

«Саат 15:00дө  митинг учурунда катышуучулардын арасынан түзүлгөн атайын топ келип «Биздин талаптар Жогорку Кеңештин вице-спикерине берилди, жакын арада жооп берилет» дегенине карабай, ал жерде чогулгандар провокация чыгарууга аракет жасашып, айрымдары автоунаа өтүүчү жолго чыгышып, жолдон өтүп бара жаткан автоунаалардын жүрүшүнө тоскоол жаратып, кыйкырынып-сөгүнүп башташты. Мындан улам, 15:30да коомдук тартипти бузганы үчүн 21 жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда алар Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, коомдук тартипти бузгандыктары боюнча материалдар толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө», -деп билдиришти маалымат кызматтан.

Калган адамдар «Ала Тоо» аянтынан үй-жайларына тарап кетишкен.