07.06.2019 17:27

ИИМ: Орок айылында учурда абал туруктуу

ИИМ: Орок айылында учурда абал туруктуу

Сокулук районунун Орок айылында учурда абал туруктуу. Бул туурасында ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, айылда өткөн күнү коомдук тартипти бузган окуялар катталган эмес. Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Учурда ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иш-алып барышууда.

Ал эми ИИМдин калган түзүмдөрү менен кызматтары өз ордуларында кызматын өтөөдө. Ички иштер органдарынын күчү менен жана ыкчам көрүлгөн чаралардын натыйжасында аймакта абал турукташтырылып, коомдук тартип камсыздалды.