02.08.2019 18:31

ИИМ Сергей Слесаревден Алмазбек Атамбаевдин өкүлү жана жактоочусу экенин далилдеп берүүсүн сурады

ИИМ Сергей Слесаревден Алмазбек Атамбаевдин өкүлү жана жактоочусу экенин далилдеп берүүсүн сурады

ИИМ Сергей Слесаревден Алмазбек Атамбаевдин өкүлү жана жактоочусу экенин документ жүзүндө далилдеп берүүсүн сурады.

Эскерте кетсек, жактоочу Алмазбек Атамбаевди Азиз Батукаевдин иши боюнча суракка чакыруунун мыйзамсыздыгын жана жагдайды укуктук талаага кайтаруу зарылдыгын айтып, ИИМге бир нече жолу кайрылган. 

«Мыйзам талаасына кайтуу жөнүндө сөз кыла турган болсок, Слесарев өзүнүн өтүнүчтөрүндө «өкүлү, жактоочусу» катары кол коюп жатат. Тергөө кызматы Слесаревден бир нече жолу ишеним кат көрсөтүүнү өтүнгөн, бирок ал көрсөткөн жок. Кайрылуусунун экинчи бөлүгүндө Слесарев жактоочу катары кол коюп жатат. Жактоочунун укуктары КР Жазык-процесстик кодексинде айтылган жана ордер менен тастыкталат. Слесарев аны да көрсөткөн жок, андыктан ал бул иште жактоочу катары катыша албайт, кандайдыр-бир өтүнүчтөрдү, кайрылууларды, даттанууларды жолдогонго укугу жок. Ал өзү укук талаасына кирип, соттук өндүрүшкө катышуу үчүн ордерин көрсөтүшү керек», – деп айтылат маалыматта.