06.08.2019 10:25

ИИМ: Солтон-Сарыда жергиликтүүлөр менен кытайлыктар бири-бирине таш ыргытышкан

ИИМ:  Солтон-Сарыда жергиликтүүлөр менен кытайлыктар бири-бирине таш ыргытышкан

Азыркы учурда Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат, туруктуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Бул туурасында ИИМин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары бар.

2019-жылдын 5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300 жакын жашоочуларды түзгөн. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан.

Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди. Аталган факты Нарын ОИИБде КЖБРге катталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда абал туруктуу.

Эскерте кетсек, алтын чыгуучу Солтон-Сары кенин кытайлык Zhong Ji Mining company иштетип жатат. Бул кендин айланасында маал-маалы менен чатак чыгып турат. Буга чейин Миң-Булак жана Эмгекчил айылдарынын тургундары компаниянын жардыруу иштери мал-жанды кырып, экологияга зыян келтирип жатат деп арызданышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында, малдын өлүм-житими кен иштетүү менен байланыштуу эмес экени аныкталып, ага карабай кытайлык компания малчыларга кенемте төлөп берүүгө макул болгон. 

Кийин жергиликтүү тургундар балдарынын денесине ар кандай жаралар чыгып жатканын айтып, тасма таратышкан. бул маалымат да кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан төгүндөлгөн. 2-август түнү кытай компаниясынын кызматкерлери менен кыргыз жарандары уруша кетип, эки жергиликтүү тургун жабыркаганы айтылган.