17.08.2018 11:00

ИИМ: Улан Эгизбаев киши колдуу болду деген божомол тастыкталган жок

ИИМ: Улан Эгизбаев киши колдуу болду деген божомол тастыкталган жок

Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себеби сууга чөгүү болгон. Бул туурасында April.kg порталына ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев билдирди. 

Анын айтымында, кабарчынын өлүмү боюнча комиссиялык экспертиза дайындалып, ал Соттук-медициналык экспертизанын республикалык бюросунда өткөн. Экспертизанын корутундусу 16-августта даяр болгон. Ага ылайык, эксперттер Улан Эгизбаев чөгүп өлгөн деген бүтүмгө келишкен. 

«Каза тапкан жигиттин ашказанынан уулануунун белгилери аныкталган жок. Корутундуну карап көрүп, биз киши колдуу болду деген божомолду четке кагабыз. Бул - кокустан болуп кеткен кырсык», -деди Эрнис Осмонбаев. 

Мындан тышкары экспертиза буга чейин көп суроолорду жараткан Эгизбаевдин бутундагы шектүү тактар маркум каза болгондон кийин пайда болгон деп белгилеген.

Журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон.

Буга чейин Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратура көзөмөлүнө алган. Ушул тапта журналисттин көзү тирүүсүндө ага коркутуу-үркүтүүлөр болгону боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.