11.01.2019 10:59

ИИМ: Жээнбековдун шайлоо штабынын кассасы тууралуу алдын ала тергөө иши жыйынтыкталды

ИИМ: Жээнбековдун шайлоо штабынын кассасы тууралуу  алдын ала тергөө иши жыйынтыкталды

Нурбек Токтакуновдун 2018-жылдын 15-ноябрында Фейсбук баракчасына жарыялаган билдирүүсү боюнча Тергөө кызматы тарабынан алдын ала жүргүзүлгөн тергөө иши жыйынтыкталды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, алдын ала тергөө ишинин жүрүшүндө КР Президентине талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, республиканын шаардык, облустук жана райондук шайлоо штабдарынын башчылары жана кызматкерлери суралганы айтылат.

«Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен. Кайтып келгенде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына түшүнүк берүү үчүн чакырылып, андан соң корутунду чечими кабыл алынат», -деп жазат маалымат кызмат.

Эскерте кетсек, укук коргоочу Нурбек Токтакунов 2018-жылдын 15-ноябрында Фейсбуктагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун президенттикке ат салышып жаткан кездеги шайлоо штабынын кассасы тууралуу документтерди жарыялаган.  Жана бул документтер президентке импичмент жарыялоого негиз болоорун билдирген. 

30-ноябрда ИИМ укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун КСДПнын штабынын шайлоодогу чыгымдарына байланыштуу маалыматтары текшерилип жатканын  билдирген.