19.09.2019 17:32

ИИМ жетекчисинин орун басарлары Кой-Таш операциясы тууралуу айтып беришти

ИИМ жетекчисинин орун басарлары Кой-Таш операциясы тууралуу айтып беришти

ИИМ жетекчисинин орун басары Алмаз Орозалиев 7-8-августта Атамбаевдин үйүнө чабуул жасалган маалда кандай милдет аткарганын айтып берди. Бүгүн, 19-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссия өз отурумун өткөрүп жатат. Ага Ички иштер министрлигинин орун басарлары Памир Асанов менен Алмаз Орозалиев чакырылган. 

Комиссия мүчөлөрү Алмаз Орозалиевден окуя тууралуу айтып берүүнү сурашты.

«Алмаз Кыдырмаевич, сиз 7-8-августта Кой-Ташта болгосуз да, болгонун болгондой айтып берсеңиз», - дешти комиссия мүчөлөрү.

Орозалиев 7-августта Балыкчыда болгонун билдирди. «Интернеттен окуп, дароо министрге чалдым. Ал Нарында, Солтон-Сарыда экен. Ал мага Кой-Ташка барууга буйрук берди. Ал жакта Курсан Асанов бар экенин, ага жардам берүүнү айтты», - деди Орозалиев.

Анын айтымында, Кой-Таш айылынан 300 метр алыстыкта ИИМдин өздүк курамы туруптур, айылдын түштүк тарабы айыл-чарба техникасы жана таштар менен тосулган экен. «Өздүк курам жөн гана туруптур, эч кандай аракет кылышпаптыр. Мен жакын келгенде, жолдо биздин кесиптеш Курсан Асанов турган», - деди ал.

«Мен жетекчилерди чогултуп тапшырма бердим. Биз баарын аскерий даярдыка келтирип, ишти баштадык. Жолдо эки тоскоолдуктан өттүк. Ар кайсы жакта 200дөй адамдар чогулуп турушкан экен, алар милиция кызматкерлерине таш ыргытып башташты. Бир таш келип Чүй облусунун ИИББ жетекчиси Самат Курманкуловдун башына таш келип тийди. Бул учурда саат 23:00 болуп калган. Элди кубалап, Атамбаевдин үйүн көздөй жылып баштадык. 

Бир нече убактан кийин бизди көздөй топ адамдар келди. Арасында мен тааныгандардан Асель Кодуранова, Равшан Жээнбековдор бар экен. Курсан Сатарович алар менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Биз токтоп калдык. Курсан Асанов менен Кодуранова 30-40 мүнөттөй сүйлөштү. Эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн билбейм», -деди ал. 

ИИМ орун басары 8-августтагы окуяларга токтолду. «Бизди министр чогултуп, тапшырма берди. Саат 14:30 чамасында биз Кой-Таш тарапка жөнөдүк. Өздүк курамды чогулттук. Мага чабуул коюучу топту жетектөө тапшырмасы берилген. Мен өздүк курамды алып, Атамбаевдин үйүн көздөй бардым. Чабуул канчада башталганын айта албайм», -деди Орозалиев. 

Комиссия мүчөлөрү топту жетектөө милдети ага жүктөлсө, эмне себептен сүйлөшүүгө Курсан Асанов барганына кызыгышты. 

«Мен өз милдетимди аткарып аттым. Курсан Асанов өзү сүйлөшүү жүргүзөм дептир. Мен ага тыюу сала албайм», -деди ИИМ орун басары. 

Анын айтымында, министр Жунушалиев Асановго чейин эки ирет сүйлөшүү жүргүзгөн. Алмазбек Атамбаев 19:00 кийин колго түшүп берген.

Ал эми, ИИМ жетекчисинин дагы бир орун басары Памир Асанов учурда 7-8-августтагы окуялар боюнча 16 киши кармалып, бүгүнкү күндө барымтага алуу боюнча сегизи камакта отурганын билдирди.  Бишкек шаарындагы 8-август түнүндөгү башаламандык боюнча жетөө кармалган, алардын бешөө азыр камакта отурат.

Комиссия мүчөлөрү Атамбаевди моралдык, материалдык жактан колдоп тургандарга карата кандайдыр-бир чара көрүлөбү деген өңүттө суроо беришти.

ИИМ жетекчисинин орун басарлары кимдер мал союп, же моралдык колдоо көрсөткөнү тууралуу материалдар бар экенин билдирди.

«Чуулгандуу пакет табылдыбы» деген суроого, орун басарлар «бул боюнча Аскерий прокуратура айтат» деген жооп узатышты. «Курсан Асановдун уулу качып кетиптир деген сөз угуп жатабыз» деген комиссия мүчөлөрү «аны да Аскерий прокуратурадан сурагыла» деген жооп угушту.