25.11.2019 11:20

ИИМдин дагы бир кызматкери пара менен кармалды

ИИМдин дагы бир кызматкери пара менен кармалды

3 миң доллар пара менен ИИМдин баңгизаттар менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Kaktus.media. күч органдарынын кызматкерлерине таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын жетекчиси Н. Биялиевди өткөн дем алыш күндөрү кармашкан. Шектүү Д.И. аттуу жаранга баңгизат боюнча козголгонгон кылмыш ишин токтотуп берүү максатында анын С.Р аттуу жубайынан пара талап кылган.

Колго түшүрүү операциясынан кийин Н. Биялиевдин жеке иш бөлмөсүн тинтүүгө алышып, аталган кылмыш иши боюнча тийиштүү документтердин топтомун таап чыгышкан.

Учурда шектүү милиционер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бүгүн, 25-ноябрда анын баш коргоо чарасы аныкталат.