ИИМдин мурунку офицерлери АКШнын элчилигине чалгынчылык кылганы тастыкталды
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызыкчылыгына маалымат берди деп айыпталган министрликтин мурдагы жана учурдагы кызматкерлерине карата соттун өкүмү чыкканын Ички иштер министрлиги ырастады. Бул туурасында Борбор Азия жаңылыктар кызматынан билдиришти.
Министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун билдиришинче, жоопкерчиликке тартылган адамдар мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.
«Мурда бизде иштеп, кийин АКШ элчилигине жумушка орношкон экен. Мындан соң ички иштер органдарында чогуу иштешкен кесиптештеринен маалымат алып турушкан. Мен алар алган маалыматтарды деле көрдүм. Анда айрым машинелердин номерлерин тактап, андан соң АКШнын элчилигине берип турушчу экен», - деди Бакыт Сейитов.
Жогорку Сот бул иш боюнча сот өкүмү купуя маалымат катары таанылганын кабарлады. Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мындай кылмыш иштин каралганы анык, бирок «купуя маалымат» катары гриф ыйгарылганы үчүн соттун өкүмү жарыяланбайт.
Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен бул окуя боюнча эч кандай комментарий берилбей турганын кабарлашты.
Буга чейин Кыргызстандагы «Дело №» гезити 19-сентябрдагы санында «Кыргызстандын ИИМинин офицерлери АКШнын элчилигине чалгынчылык кылган» деген макала жарыялаган. Анда Ички иштер министрлигинде мурда иштеп кеткен Бишкектеги АКШ элчилигинин Самат Шерипбеков жана Кумарбек Чалданбаев аттуу коопсуздук кызматкерлери менен ИИМдин учурдагы офицерлери Мирлан Тойчиев, Эмилбек Карачевди быйыл май айында Биринчи Май райондук соту Кылмыш кодексинин «Чет элдик уюмдар үчүн маалыматты топтоо жана жөнөтүү максатында кызмат абалынан аша чабуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканы жазылган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: