05.09.2019 22:13

Икрамидин Айткуловдун иши тергелип бүттү

Икрамидин Айткуловдун иши тергелип бүттү

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловго  «алдамчылык» беренеси менен ачылган кылмыш ишинин сотко чейинки иликтөөсү аяктады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Айткулов жана анын жактоочусу материалдар менен таанышууда. Андан соң иш прокуратура аркылуу сотко жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, 22-августта Икрамидин Айткуловду алдамчылыкка шектеп, кармашкан. Расмий маалыматка караганда, өткөн жылдын 19-сентябрында ИИМдин тергөө кызматына Айткуловдун үстүнөн арыз түшкөн. Анда Н.Д. аттуу жаран Икрамидин Айткулов алдамчылык менен 5 миң 500 долларына ээлик кылып алганын билдирген. Айткулов ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асановдун жактоочусу.