29.05.2019 11:25

Икрамжан Илмиянов 28-августка чейин камакта калтырылды

Икрамжан Илмиянов 28-августка чейин камакта калтырылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин тергөө 28-июлга чейин узартылды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын өкүлү Бакытбек Садыгалиев бүгүн, 29-майда маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, Илмиянов 28-августка чейин камакта калтырылган, тергөө жүрүп жатат. Ал эми мүлктөрү камакта турат.

2018-жылдын 28-сентябрында Башкы прокуратура Икрамжан Илмияновго кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын 18-октябрында Биринчи Май райондук соту Илмияновду  сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 20-октябрында ал Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат.