17.06.2019 10:04

Икрамжан Илмияновдун иши тергелип бүттү

Икрамжан Илмияновдун иши тергелип бүттү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши тергелип бүттү. Бул туурасында УКМК кабарлады.

Маалыматта: «УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Икрамжан Илмияновго карата 150 миң АКШ доллар акча каражатын алдоо жолу менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөө аяктады. 2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С. Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204- беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды. Азыркы учурда И.С.Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат», -деп айтылат. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 28-сентябрында Башкы прокуратура Икрамжан Илмияновго кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын 18-октябрында Биринчи Май райондук соту Илмияновду  сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат.