23.08.2019 12:19

Илим Карыпбеков Каржы полициясына сурак берди

Илим Карыпбеков Каржы полициясына сурак берди

Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип чыкты. Бул туурасында анын өзүнө таянып, «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, Карыпбеков «Манас» аэропортунда директор болуп иштеп тургандагы иштер боюнча күбө катары сурак берген.  

«Бишкектеги аэропортту жетектеп турганымда май куюучу комплекс сатылып алынган. Ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат», - деген Карыпбеков.

Ал Каржы полициясына күбө катары дагы чакырылышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Карыпбеков Коомдук телеканалды жетектегенге чейин «Манас» эл аралык аэропортунун курамына кирген Бишкектеги аэропорттун директору болуп эмгектенген.