08.08.2018 14:27

Илон Маск Tesla компаниясын сатып алууну пландоодо

Илон Маск Tesla компаниясын сатып алууну пландоодо

Илон Маск Tesla компаниясын ар бир акциясын 420 доллардан сатып алып, аны көпчүлүктөн жеке менчикке өткөрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал Twitter аркылуу билдирди. "Каржылоо бар ", деп жазды Маск.

Масктын билдирүүсү Tesla компаниясынын акцияларынын 6,5%, жогорулоосуна алып келип, бир акциясы 363 доллардан ашты. Илон Маск Tesla компаниясынын 22 пайыз акциясына ээ.

7-августта Сауд Арабияда мураскор ханзадда Мухаммед бин Салман көзөмөл кылган суверендүү фонд Tesla компаниясындагы үлүшүн үчтөн беш пайызга көбөйтүп, эки миллиард долларга жеткирди.

Tesla – электромобилдерди өндүргөн алдыңкы америкалык компания. Ал 2003-жылы негизделип, дүйнөгө белгилүү электротехник жана физик Никола Тесланын атынан коюлган.