13.09.2018 15:16

«Империя пиццы» кафесиндеги ок атышуу боюнча иш райондук прокуратурага өткөрүлдү

«Империя пиццы» кафесиндеги ок атышуу боюнча иш райондук прокуратурага өткөрүлдү

Кафеде ок чыгарууга шектелген милиция кызматкери жумуштан бошотулат. Бул туурасында күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Эскерте кетсек, 11-сентябрдан 12сине караган түнү жаш жигиттерден турган топ (арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар) калаанын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Империя пиццы» кафесинде эс алган. Спирт ичимдиктерин ичкен соң, кафенин ичиндеги эс алуучулар ортосунда уруш чыккан. Мушташ учурунда эс алып жаткан тартип сакчыларынын бири каршылашын бутка аткан.  

Бишкек ШИИББден бул иш боюнча материалдар Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин маалымдашты. Кызматтык териштирүү жүрүүдө. Азырынча, милиция кызматкери шектүү катары гана өтүп жатат.