27.11.2019 13:11

Импичмент: Депутаттар бийлик тарапта

Импичмент: Депутаттар бийлик тарапта

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КР президенти Сооронбай Жээнбековго ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда парламенттин отурумунда билдирди.

Эл өкүлү контрабанда маселесин токтоосуз караш керектигин, бангизат таашып, контрабанданын баардык түрү менен алектенген топтор коркунуч туудураарын белгиледи.

«Эл аралык структуралар өлкөдө контрабанда боюнча чоң көйгөйлөр бар экенин айтып жатышат. Ал эми бийлик болсо андай эмес деп же такыр эле укмаксанга салып жатышат. Биз башкы прокурорду жана башка күч түзүмдөрүмүнүн угуп, Турциядагы Айеркен Саймаитинин өлуму боюнча маалымат алалы. Андан соң мамлекет башчысына импичмент жарыялоо маселесине өтүшүбүз керек», - дейт Карамушкина.

Турциядагы Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Карамушкинанын айткандарын көпчүлүк депутаттар колдошту. Бирок өлкө башчысына импичмент жарыялоо демилгесине каршы чыгышты.

Депутат Алмазбек Токторов контрабанда маселесин мурунку президенттин маалында эмнеге көтөргөн эмессиңер деп Карамушкинага жооп кайтарды.

«Мурун силердин көзүңөрдү чаң басып турган. Сиз абийирсиз позицияны карманып жатасыз. Ушуга чейин силердин билдирүүлөр боюнча үн катчу эмесмин. Силердин социалдык тармактагы билдирүүлөрүңөр – түздөн-түз провокация болуп эсептелет. Кой-Ташта жүргөндө сиз элди дүрбөлөңгө салып жаттыңыз. Мен түшүнөм сизди башчыңарды калкалап жатасыңар, бирок ошол маалда уят дагы болуш керек да», - дейт Токторов.

Өз кезегинде Карамушкина көзүн эч качан чаң баспаганын белгилеп, 2011-2016-жылдары бир гана ал эмес, залда отургандардын баардыгы депутаттык кызматта отургандыгын эске салды.

Эске салсак, мурдараак Ирина Карамушкина “Жээнбековго импичмент” аттуу элдик кыймыл түзөөрүн жарыялаган.