17.04.2019 14:45

Индира Жолдубаева: Дача-СУ боюнча документтерди эч ким жок кылган эмес (аудио)

Индира Жолдубаева: Дача-СУ боюнча документтерди эч ким жок кылган эмес (аудио)

Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева Дача-СУдагы кырсык боюнча документтерди Алмазбек Атамбаев жок кылган деген маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин Telegra.ph ачык платформасында www.chagylban.kg аккаунтунун атынан "Дача-СУдагы кырсык боюнча тергөө чогулткан документтер Алмазбек Атамбаев тарабынан жок кылынган" аттуу материал жарык көргөн.

Индира Жолдубаеванын April.kg порталына билдиргенине караганда, ал эч кимге мындай маалымат берген эмес. «Бул боюнча бир гана нерсе айта алам: мен эч кандай комментарий берген эмесмин. Жана бул иш боюнча эч кандай түшүндүрмө бере албайм. Бардык расмий маалыматтар укук коргоо органдарында сакталууда. Мен билгенден тергөөгө эч ким эч кандай жол менен басым жасаган эмес, документтерди жок кылышкан эмес, прокуратурага эч кандай көрсөтмө берилген эмес», -деди экс-башкы прокурор.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул платформа (Telegra.ph) жалпыга жеткиликтүү жана каалаган адам кирип, каалаган нерсесин жазып койсо болот.