14.05.2018 17:33

Индияда аял 10 айлык баласын эскалатордон түшүрүп жиберди

Индияда аял 10 айлык баласын эскалатордон түшүрүп жиберди

Индияда аял 10 айлык баласын соода борборундагы эскалатордон түшүрүп жиберди. Бул туурасында Daily Mail гезити жазып чыкты. 

Тасмада үй-бүлө мүчөлөрү соода борборун кыдырып жүргөнү, күйөөсү селфи жасап атканы көрүнүп турат. Бараткан багытынан артка кайткан жубайлар жогорку кабатка чыгара турган эскалаторго келгени да камерага түшүп калган. Аялдын бир колунда кызы бар.  

Күбөлөрдүн айтымында, күйөөсү аялынан селфи жасоону суранган - аял бир азга тең салмактуулугун жоготуп жиберип, андан улам баласы колунан түшүп кеткен. 

Супермаркеттин ичиндегилер да, кыздын ата-энеси да ылдый чуркаган, бирок кеч болуп калган. дейт басылма. Бөбөк алган жаракаттарынан мүрт кеткен.