Ара жолдо калгандар: Индиядан 15 кыргызстандык мекенине кайтты

Ара жолдо калгандар: Индиядан 15 кыргызстандык мекенине кайтты

15 кыргызстандык Индиядан чыгарылып, мекенине кайтарылды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, 15 кыргыз жаранын Индиядан (Гоа жана Делиден) кайтаруу Казакстандын Өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылган. Алар атайын борт менен Казакстандын жарандары менен кошо эвакуацияланган.

“Кыргызстандыктарды Тараз ш. (Казакстан) эл аралык аэропортунан атайын транспорт менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда 2020-жылдын 4-апрелинде Кыргызстанга алып келишти”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда алар обсервацияга жаткырылганы маалымдалат.

Жалпысынан республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын саны 144 кишиге жетти.

  • Бишкек – 15
  • Ош ш. – 12
  • Ош облусунда – 35
  • Баткен облусунда – 3
  • Джалал-Абад облусунда – 67
  • Чуй обсусунда – 6
  • Иссык-Куль обслусунда – 2
  • Нарын обслусунда – 4

2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. 6 киши реанимацияда, бирөөнүн абалы өтө эле оор. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.