20.09.2018 10:00

Индияда аялына «талак» берген адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Индияда аялына «талак» берген адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Индияда аялына «талак» берген адам жоопко тартылып, 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул туурасында Reuters агенттигине таянып, Сa-news жазып чыкты.

Индия өкмөтү мусулман дүйнөсүндө кабыл алынган «бат ажырашуу» үчүн кылмыш ишин козгоого мүмкүндүк берген мыйзам кабыл алды. Муну менен өлкөнүн өкмөт башчысы Нарендра Моди өзү тарапка көбүрөөк аялдарды тартуу аракетин көрүүдө, деп жазды агенттик.

Өткөн жылы Жогорку Сот мусулмандардын 3 жолу «талак» деген сөздү айтуу менен ажырашууга мүмкүнчүлүк берген  тажрыйбасын тааныган.

Модинин өкмөтү андан да ашып кетти. «Аялына талак берген адам күрөө коюп да, боштондукка чыга албайт жана 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн»,- деп билдирди министр Рави Шанкар Прасад.

Индиянын август айында өткөн Эгемендүүлүк күнүндө эл алдында сүйлөп жатып, Моди аялдар акыйкаттыкка жетмейинче, жаны тынбасын билдирген.