14.09.2018 09:00

Индияда белгилүү профессор түз эфирдеги таңкы берүү учурунда каза болду

Индияда белгилүү профессор  түз эфирдеги таңкы берүү учурунда каза болду

Индияда белгилүү педогог түз эфирдеги таңкы берүү учурунда каза болду. Бир нече мүнөт мурда профессор бул дүйнөдөн кантип жакшы узап кетүү тууралуу  маек куруп жаткан.

Рита Житендра — Индиядагы белгилүү жазуучу жана сүрөтчү. 86 жаштагы профессорду телеканалдар серепчи катары көп чакырышчу. Ал үчүн «Кутман таң» берүүсү акыркысы болуп калды.

Көрсөтүүдө жазуучу өзүнүн жашоосу, карьерасы тууралуу айтып жаткан. Кокустан сөз ортосунда унчукпай калып, анан эсин жоготкон. Маекти дароо токтотуп, Житендраны ооруканага алып барышты. Дарыгерлер жүрөк оорусу кармаганын айтышкан менен, профессорду сактап кала алышкан жок.

Кийин белгилүү болгондой, Житендра түз эфирге келе жатып, кандай өлүмдү каалай турганын айткан. Профессор Индиянын мурунку президенти Абдула Калам сыяктуу жумуш учурунда дүйнөдөн өткүсү келген— ал жергиликтүү жогорку окуу жайлардын биринде лекция окуп жатып көз жумган.