01.08.2019 18:57

Индияда дарыгерлер баланын 526 ашыкча тишин жулуп салышты (видео)

Индияда дарыгерлер баланын  526 ашыкча тишин жулуп салышты (видео)

Индиянын Ченнай шаарында дарыгерлер 7 жаштагы баланын 526 ашыкча тишин жулуп салышты. Бул туурасында The New Indian Express гезити жазды.

Бала дарыгерлерге астыңкы жаагынын оң бурчунда өсүп жаткан шишиктер тынчын алып жатканын айтып, кайрылган. Рентген жана компьютердик томография балада көп сандагы майда рудиментардык тиштер бар экенин көрсөткөн. 

Бир жарым саатка созулган операциядан кийин дарыгерлер салмагы 200 граммдык шишикти алып салышкан. Ал эмнеден пайда болгону азырынча так белгисиз. Дарыгерлер буга генетика жана курчап турган чөйрө себепкер деп болжолдошот. Адистер ошондой эле, баланын ден соолугуна мобилдик байланыш мунараларынан тараган нурдануу таасир этиши мүмкүндүгүн четке кагышпайт. 

«Компьютердик томографиянын жыйынтыктарын алганыбызда, биз операциянын ийгиликтүү өтөрүнөн шектенгенбиз. Бирок, эркибизди жыйнап, тобокелге салдык», -деп билдирген баланын атасы.

Эми Равиндран өзү менен тең балдар сыяктуу эле 21 тиштин ээси. Бирок тиш доктурлар бала 16 жашка чыкканда тиш имплантаттарын салуу зарылчылыгы жаралышы мүмкүн экенин эскертишти.