25.03.2019 11:11

Индияда документтерди жасалмалаган кыргыз аял камакка алынды

Индияда документтерди жасалмалаган кыргыз аял камакка алынды

34 жаштагы кыргыз жараны Нарина Доктурбекова 21-мартта Индиянын Бангалора эл аралык аэропортунан Непалга учканы жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Deccan Herald гезити билдирди.

Чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда Доктурбекова иммиграциялык кызматтын кызматкерлерине индия жаранынын паспортун көрсөткөн. Аны маалымат базасынан текшерүү учурунда Доктурбекованын Кыргызстанга таандык паспорту дагы бар экенин аныкталган. 

Мындан улам, аны кармап суракка алышкан. Белгилүү болгондой, аял Кыргызстандан бизнес-виза менен келип, чаптоочу материалдарды өндүрүүчү компаниянын маркетинг бөлүмүндө мыйзамсыз иштеп жүргөн. 

2018-жылдын ноябрында Доктурбекова Индиядан виза режимин бузганы үчүн депортацияланган. Бирок, ал Непалдын чек арасы аркылуу кайра кирип, Бангалордогу жогоруда айтылган фирмада иштөөсүн уланткан. Кийин кандайдыр-бир жол менен ИНН жана салыктык каттоо алып, алардын арты менен Индия паспортун жасаткан. 

Учурда Доктурбекова миграциялык мыйзамды бузуу, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү,  алдамчылык жана документ жасоо боюнча айыпталып, камакка алынды. Полиция кыргыз жараны документтерди кантип алганын териштирүүдө.