30.04.2019 10:31

Индияда экзаменден жаман баа алган студенттер өз жандарын кыйышты

Индияда экзаменден жаман баа алган студенттер өз жандарын кыйышты

Индиялык Телингана штатында ондогон студенттер экзаменден жаман баа алган үчүн өз жандарын кыйышты. Бул тууралуу Fox News билдирди.

Февраль жана март айларында миллионго жакын адам экзамен берген. Алардын 350 миңи начар баа алган. Экзаменден өтпөй калган 20 студент өз өмүрүнө кол салган. Башка маалыматтар боюнча өлгөндөрдүн саны мындай да көп болушу мүмкүн: Daily Mail  21 суицид жөнүндө жазып чыкты. 

Студенттердин ата-энелери тестти текшерип чыгуучу программалык камсыздоодон ката кеткен деген ойдо. Саясий партиялардын катышуусунда көчөлөрдө өткөн каршылык акцияларынан кийин бийлик жаман баа алган тесттин баарын кайра текшерип чыгууга макул болду. Керектүү балл алып, бирок көрсөткөн жыйынтыгына ыраазы болбогон 50 миң студент дагы кайра тест тапшырмай болушту.